Энеси көз жумган уулунун ыйлаганын байкап калып, денесин өрттөөр алдында аман алып калды

Мезгил

Индиянын Телингана штатынын Пиллаламарри айылындагы 18 жаштагы Гэндэм Киранын дене табы көтөрүлүп, куса баштаган. Дарыгерлер Кираны гепатиттин оор түрүнө кабылганын билдирип, диогнозун аныктап беришкен. Бейтаптын абалы эки күндөн соң начарлап, жеке ооруканага которуп катуу көзөмөлгө ала башташкан.

Бул убакта Киран комага түшуп калган. Дарыгерлер абалы оор экенин билдирип, жашоого мүмкүнчүлүгу жок экени айтышкан.

Ата-энеси уулунун абалы күндөн-күнгө начарлаган оор абалын көрүп, жасалма дем алуу аппаратынан алып, үйүнө чыгарып кетишкен. Киранын акыркы дем алуусун байкашып, өлдү деп ойлошкон. Уулун өрттөөгө камдап жатканда энеси көзүндөгү жашты байкап, дароо дарыгер чакырышкан.

Дарыгерлер Киранын жүрөгу сого баштаганын айтып, кайрадан жасалма дем алдыруу аппараты менен дем алдырышып, ооруканага алып жөнөшкөн. Ал 3 күндөн соң ойгонуп, сүйлөй баштаган. Бир аптадан кийин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *