“Эрдоган! Бир тууганым! Биз сизди жакшы көрөбүз!”

Мезгил.

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Бишкектин тургундары менен жолугушуп, бир даарынын колун кысса, айрымдарынын бетинен өпкөнгө жетишти.

Түрк президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкандан кийин ал отурган кортеж опера жана балет театрынын жанынан өтүп баратканда, аны топтолгон көпчүлүк тосуп алды. Бишкектик жарандардан жана Түркиянын жарандарынан куралган көпчүлүк колдоруна түрк мамлекетинин желегин желбиретип көтөрүп алышкан. Алар: “Эрдоган! Бир тууган! Кош келиңиз! Биз сизди жакшы көрөбүз!” – деп кыйкырышты.

Аларды көрүп түрк президенти автоунааны токтотуп, сыртка чыкты. Топтолгондордун айрымдары менен кол кысышып учурашып, кээ биринин бетинен өптү. Андан кийин азыраак пикир алышып, анан жолуна түштү.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *