Эрдогандын Кыргызстанга келиши  Түркияда билим алган кыргыз студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

Мезгил. 

1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Учурда түрк жергесинде кыргызстандык мигранттардын жана билим алууга шыктанган жаштардын саны арбып баратканын эске салсак, Түркия президентинин кыргыз жергесине келиши жакшы самаалык болду десек жаңылышпайбыз. Кыргыз-түрк мамилеси 2015-жылдан тартып начарлаганы маалым. Аталган жылы түрк жергесинде төңкөрүш алдын алынып, ага айыптуу деп Фетхуллах Гүлен табылган. Мындан улам коомдук ишмердин Түркиядагы бардык билим берүү мекемелери жабылган. Кыргызстанда да аталган коомдук ишмерге таандык лицейлер жана университеттер болгондуктан, Режеп Эрдоган ал кездеги президент Атамбаевге кайрылып, Гүлендин бузакы иштерин алдын алуу үчүн анын билим берүү мекемелерин жабуу суранычын келтирген. Бирок, КР ТИМ менен Алмазбек Атамбаев бул суранычка орой жооп кайтарышкан. Атамбаев Эрдогандын билдирүүсүн “абсурд” деп баалап, “бизге үйрөтпөй эле койгула” дегенчелик кылган. Ошондон кийин Түркия бийлигинин мамилеси кыргыз бийлигине солгундаган. Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын бийлиги алмашкандан соң Эрдоган кыргыз жергесине келди.

Эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышынан  билим жолундагы жаштар эмнени күтөөрүн Түркия/ Измир шаары, Докуз Ейлүл Университетинин докторантура студенти Дастан Разак уулу баяндады. 

Эки күндүк иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк президенттери бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Алардын арасында эки өлкөнүн аскер-каржы кызматташтыгы, үй-бүлөө жана социалдык саясат министрлигинин кызматташтык тууралуу меморандум, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча кызматташтыгы тууралуу макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» Фондунун кызматташтык тууралуу Меморандум, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасын ачуу, чогуу иштетүү жана берүү жана Кыргызстандын жарандарынын Түркияда медициналык чөйрөдө билим алуу боюнча келишим ж.б. келишимдер бар.

Өлкөбүздө жагымдуу окуялар жүз берди. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк аренада мааниси бар Түрк Кеңешинин саммити жана 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ыйык ата журутубузда өттү. Бул саамалыктарга түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчылары да катышты. Бул менен кошо эле Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн президенттик мөөнөтүндө биринчи жолу жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанга келген биринчи президент болуп калды. Эки тараптуу жолугушууларда соода, экономика, транспорт, маданият, коопсуздук тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгы, өнүгүшү үчүн маанилүү келишимдерге жетишилет деп үмүтүбүз акталды. Эки өлкөнүн президенттери  кол койгон документтердин алкагында  Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн да эң жакшы жетишкендиктер болот деген үмүттөбүз.

Түркияда чет өлкөлөрдүн жарандарын билим берүүчү атайын мамлекеттик Түркия Стипендиялары аттуу программасы бар. Бул дүйнөдөгү эң атактуу жана алдыңкы билим берүүчү программалар катарында турат. Анткени бул программа менен дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн 150 миңдей студент Түркияга келип бакалавр, магистратура жана докторантура даражалары боюнча түрдүү кесиптик багыттарда билим алышууда. Түркия Стипендиялары программасы жөн гана ай сайын стипендия бербестен жатакана, эки маал тамак-аш, университеттерге жайгаштыруу жана акысын төлөө, медициналык камсыздандыруу, бир жолу Түркияга келип кетүү учак билетин камсыздап, бир жылдык акысыз түрк тилин үйрөтүү жана академиялык сабактар, лагерлер, фестивалдар өткөрүлүп турат. 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын атуулдары да учурда Түркиянын эң алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алып жатышат. Учурда Түркияда 1678 Кыргызстандык студент билим алып, анын 248и Түркия Стипендиялары программасы алкагында билимдери улантышууда.

Кыргызстан менен Түркиянын саясий мамилелери бузулуп кеткенине карабастан Түркия мамлекети кыргыз студенттерине эң жакшы мамилелерди жасап келди. Биздин ажобуздун апрель айында Түркияга болгон иш сапары жана Түркия президентинин бир канча күндөн кийинки Кыргызстанга жасай турган иш сапары Түркиядагы окуган Кыргызстандык студенттер үчүн дагы да болсо абдан жакшы маанай тартуулады. Биз бул жолугшуулардан дагы да биз үчүн пайдалуу болгон келишимдерге жетишилет деп үмүттөнөбүз. Жогоруда айтканымдай 248 студент Түркия мамлекети тарабынан каржыланып, анчалык кыйынчылык туудурбайт. Бирок калган миңден ашуун өз каражаты менен билим алып жаткан студенттер үчүн жеңилдиктер балким мамлекеттик колдоолор болсо, жатакана же контрактарында жеңилдиктер болсо жакшы болмок эле.

Андан сырткары Түркиядан билим алып Кыргызстанга кайткандан кийин дароо ишке алуу кыйынга турат, бул бир жагынан ошол окуган Түркиялык окуу жайдын дипломун Кыргызстандык каайсыл бир мекеме тарабынан таанылбашы болушу мүмкүн. Ошол үчүн Түркиянын жогорку окуу жайларынан бүтүрүп келген баардык Кыргызстандык жарандардын дипломун өлкөдө автоматтык түрдө жарактуулук кылып берсе жакшы жетишкендик болмок. Андан сырткары биз бир канча жыдан кийин окууну бүтүрөбүз, ар жыл бүтүрүп жатышат, бирок Кыргызстанга кайтып барып баары эле дароо жумушка орношо алышпайт же арзан айлык акыдан улам эң мыкты адистер башка өлкөгө кетет же түркияда иштеп калышкан учурлар көп эле. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү ар дайым Түрк өкмөтү менен байланышып, мыкты адистерди мамлкеттик кызматтарга алып Кыргызстан үчүн пайдалануу жагын карап көрсө болот.

Түркияда окуган студенттердин жарымынан көбү магистратура жана докторантура багытындагылар. Булар атайын бир теманын үстүнөн илимий изилдөө кылып, диссертация жазуучулар. Андан сырткары ар кандай эл аралык илимий конференцияларга катышып, илимий макалалараларды жазып, Кыргызстанды таанытып же өлкөбүзгө пайда алып келиши ыктымал. Ошондуктан алардын  алардын кээ бирлеринин изилдөө иштери, маалыматтар, булактар Кыргызстанда болуп калат. Ошондуктан Кыргызстан Түркияда окуган студенттердин Кыргызстанда болгон изилдөөлөрүнө маалыматтарды жеңил алуу, китепкана, архивтерге кирүү жеңилдиктери, мамлекеттик булактарды электрондоштуру сыяктуу көмөк көрсөтсө деген ой тилек.

Учурдагы Түркиядагы Кыргызстандык студенттер үчүн эң маанилүү маселелердин бири өлкөгө барып келүү. Бир жылдан бери Түркия-Кырыгзстан арасында учак баалары болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп кеткенине байланыштуу  студенттердин жайкы эс алууга барып келиши же ар кандай абалга жараша шашылыш чыгып калуусунда чоң көйгөй жаратууда. Ошондуктан эки тарап бул маселени мурдагы калыбына келтирсе студенттер үчүн алда канча жеңил болмок.

Албетте,  булардын баары бул жолгушууда эле чечиле калбайт. Бирок аталган маселелелер да көтөрүлсө кийинки кызматташтык жараянында чечилип калаар.

Дастан Разак уулу, Түркия/ Измир шаары, Докуз Ейлүл Университетинин докторантура студенти

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki