Мезгил
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бүгүн, 10-февралда аталган фонддун жамаатына жаңы төрага тааныштырылды. Ал 2019-жылдын июль айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. Ошондой эле Өкмөттүн аппаратынын каржы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Белгилей кетсек, аталган фонддго буга чейин Эркин Асрандиев жетекчи болгон. Ал вице-премьер-министр болуп шайланган.
Мезгил ньюс