Эркин Мамбеталиев Баткендиктерге белек бердиби?

    Мезгил

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, учурда жумушсуз Эркин Мамбеталиев күч органдарынын Баткен облустук бөлүмүнө 2 жолтандабас унаасын белекке берип жатат деген тасма тарады. Анда Эркин Мабеталиевге окшогон кишинин сөлөкөтү байкалат. Андан ары сапка тизилип турган аскерлерди көрүүгө болот.

КР Чек ара кызматы бул маалымат тууралуу чагылгандай тездик менен билдирүү таратты. Анда Эркин Мамбеталиев тарабынан эч кандай белек кабыл алынбагандыгы айтылган. Ошондой эле ИИМ да эч кандай белек албагандыгын билдирген. Ошондо бул маалымат “фейк” болуп калабы? Анда тасмада байкалган Эркин Мамбеталиев белегин кимге берген? Же чек ара тууралуу кино тартып, анын башкы каарманынын ролун аткарып бердиби?

Атамбаевдин жан сакчысы болгон Эркин Мамбеталиев КР ИИМинин кызматтык кылмыштар боюнча күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги, полковник Чыныбек Алиевдин өлүмүнө шектүү катары соттолгон. 2008-жылы Жогорку Сот Мамбеталиевди бир нече кишилерди өлтүрүүгө айыптап, өмүр бою абакка жиберүү боюнча чечимин чыгарган. Бирок 2010-жылы апрель революциясынан кийин сот аны актаган чечим чыгарган.

Эгерде Баткен ИИБнын курамы Эркин Мамбеталиевден 2 жолтандабас белекке алгандыгы тастыкталса, тасмадагы факты чын экендиги далилдене турган болсо, анда быйылкы күз бир топ аткаминерлер үчүн “абдан ысык” болору шексиз. Атамбаевдин “куйруктары” менен бул бийликтин өкүлдөрүнүн байланышып келгендиги чоң чырдын башын баштап берет.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *