Мезгил
«КСДП – эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясы расмий билдирди.
Анда биз алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз деп айтылат.
Жогорку Кеӊештин бешинчи чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева КСДП партиясы оппозициячыл партия болсо КСДП фракциясы кандай көз карашты карманышы мүмкүн деген сурообузга, КСДП Атамбаевди партиядан чыгарышы мүмкүн деген пикирин айтат.
-Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) ушул жылдын 3-апрель күнү партиянын курултайын өткөргөнү жатпайбы. Бул съезде КСДПсы Атамбаевди партиядан чыгарат. Эгерде андай болсо аталган партияга бийликке оппозиция болбойт-деди Эркингүл Иманкожоева
17-март күнү Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде Алмазбек Атамбаев «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтып, элден кечирим сураган.
Булак: Мезгил Ньюс