Эрнис Нусупов: Икрамжан Илмиянов 11 гектар жерди рейдерлик менен басып алган

Икрамжан Илмиянов 11 гектар жерди рейдерлик менен басып алган. Бул тууралуу  КСДП мүчөсү жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрнис Нусупов билдирди.

Эрнис Нусупов Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басары 11 гектар жер таап бер деп талап кылганын, айыл өкмөтү жер таап берүүдөн баш тарткандыгы үчүн куугунтука кабылганын айтат.

– Мен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандан кийин, мени Икрамжан Илмиянов өзүнө чакырды. Ал мага 11 гектер жер таап деди. Эч кандай жардам бере албастыгымды айттып, баш тарттым. Анан Башкы прокуратурадан чалышты, аздан соң текшерүү келди. Кеңсени тинтишип, андан соң дароо ИВСке отургузушту.  Райондук кеңештин өтүнүчү менен мен аларга керектүү нерсени бердим. Анан мени бошотушту, кетээримди оозумду жаап шүк отурушумду эскертишти –деди Нусупов
.

Айыл өкмөтү бир канча убакыт өткөн соң рейдерлик басып алууну токтотууну талап кылышып  Новопавловка айыл өкмөтүнүн тургундары митингге чыгышканын айтат. Анан кайрадан өзүн прокуратурага чакырышканын,  ишти тергеген прокуратура кызматкери Нурлан Сулейманов мурдагы эскертүүлөрдү кайрадан эсине салганын кошумчалайт.  

– Ушундан соң бизге келип бухгалтерияны жабышты, биз сага айттык эле го дешти.  Кыскасы алар мени бухгалтерге жамандатып, кайрадан камашты. Анан Чүй облустук сотунда бөгөт коюу чарасы кайра каралып, элдер мени сот залынан сууруп чыгышты-деди Нусупов.

Айыл өкмөтү эл сот залынан «сууруп» чыккандан эки күндөн кийин ГСИНден кишилер келишкенин айтат.   ГСИНдин ошол маалдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев «Эл сени колдоп атса, демек сенин ишиңде бир туура эмес нерсе бар», – деп айтты. Бирок акырында мага жардам берди. Кыскасы мени шарттуу түрдө 3 жылга кесишти, -деп кошумчалайт.

Нусупов КСДП мүчөсү, акыйкат издеген өлкөнүн жараны катары  бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттарына, ошол маалдагы президент Атамбаевге кайрылганын бирок эч кандай жардам болбогонун билдирет.

– Мен бир гана нерсени өтүнөт элем, менин ишимди таза, акыйкат карап беришсин. Ал иш 90 пайыз жалаадан турат да. Мен КСДПнын мүчөсү катары Атамбаевге ишенгем жана революциядан кийин баары жакшы болот деп ойлогом. Бирок акырында баары мурунку бойдон калды. Ошондуктан мен КСДПнын Сокулук райондук сьездине катыштым жана «КСДП Атамбаевсиз» деген чакырыкка макулмун-деди Нусупов

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *