Мезгил
Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.
Премьер-министрдин айтымында, 2020-жылдын 11-майынан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:
1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
– микрофинансылык уюмдар;
– камсыздандыруу компаниялары;
– ломбард;
– акча алмаштыруу пункттары;
– кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
– туристтик агенттиктер;
– адвокаттык кызматтар;
– басма кызматтары.
2. Калкты тейлөө кызматтарынан:
– сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
– тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
– химтазалоо.
3. Соода чөйрөсүнөн:
– курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
– автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
– тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
– автосалондор – авторыноктордон сырткары.
4. Массалык маалымат каражаттары.