Эртең акыйкатчыны шайлоо күнү белгиленет

Мезгил. 

Жогорку Кеңеш эртең, 11-сентябрда Кыргызстан акыйкатчылыгына шайлоо күнүн белгилейт. Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана Регламент комитети эртең жыйын өткөрөт.

“Жыйында акыйкатчыны шайлоо күнүн белгилөө маселеси каралат”, – деп билдирди аталган комитеттин мүчөсү депутат Айнуру Алтыбаева.

Кубат Оторбаев өз каалоосу менен өлкөнүн акыйкатчылыгынан кеткенден бери эки айдан ашуун убакыт өттү. Жогорку Кеңештин жайкы эс алуу убагына туш келгендиктен, ушул кезге чейин башкы укук коргоочунун оруну бош турат.

Эрежеге ылайык, акыйкатчыны парламент шайлайт. Ар бир фракция үчтөн көп эмес талапкер чыгарат. Азырынча “Ата Мекен” фракциясынан Канатбек Азиздин талапкерлиги көрсөтүлөөрү расмий чечилгени маалым. Калган фракциялар талапкерлерин расмий сунуштоо чегине жетише элек.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *