Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү чектелет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ичүүчү суу 2-мартта саат 9дан кечки 5ке чейин Лев Толстой, Жунусалиев, Айни жана Чайковский көчөлөрү менен чектеш аймактарда берилбейт.
Ошондой эле, Ленин райондук Аскер комиссариатында, № 55 орто мектепте, «Яшар» ЖЧКда, Гагарин көчөсүндөгү Бишкек жылуулук энерго мешинде, Жер бөлүштүрүү институтунда жана № 5 мончодо суу токтойт.
Мындай чектөө Ново-Южная» подстанциясында оңдоо иштерине байланыштуу.