Мезгил
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең 6-сентябрда айрым аймактарда жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27;
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28.
Булак: Мезгил Ньюс