Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Мезгил

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең 11-сентбярда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *