Мезгилы
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең 15-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жок.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26.
Булак: Мезгил Ньюс