Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Мезгил

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 25-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска убакытка жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29;

Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Баткен облусунда +16…+21, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +26…+28 градусту түзөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *