Эрте кубаныптырбыз. Мэр Суракматов “Кыргызтесттен” кайра өтүүнү пландаштыра элек

Мезгил. 

Бишкектин мэри Азиз Сураматов кыргыз тилинен сынакты кайра тапшырабы, же тапшырбайбы – дагы деле бир жактуу чечим кабыл ала элек. Мэриянын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматка түзөтүү киргизди.

Кечээ маалымат каражаттарынын бири мэриянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен мэр тийиштүу сунуш түшсө, сынакты кайра тапшыраарын жазган.

Бирок, бүгүн басма сөз кызматы айтканын кайра артка алды. Мэрия: “Вести.кг” менен мэриянын басма сөз кызматынын ортосунда мэрдин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу боюнча түшүнбөстүк жаралды. Кечирим сурайбыз. БШКдан сынакты тапшырууга сунуш Бишкек мэриясына келип түшкөн. Учурда ал кароо стадиясында турат”, – деп жаңыдан билдирди.

Буга дейре, аталган маалымат агенттиги Суракматовдун: “Эгер сунуш түшсө, сынакты кайра тапшырам”, – деген жообун жазышкан.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун мамлекеттик тилден тапшырган сынагына ичи чыкпаган жарандык активисттер БШКга кайрылышканю Алар мэрдин “Кыргызтесттен” кайра өтүү талабын коюшкан. Бул талап борбор калаанын башчысы менен катар Ош шаарынын мэрине да тийиштүу болгон.

БШК тесттен кайра өтүү сунуштаманы Бишкек мэриясына жиберген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *