Эртең Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу учат

Мезгил

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 25-июль саат 02.00дө Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет. 

Алардын маалыматында, топ Бишкек-Медина каттамы менен учат. Аларды Кабылбек Акматов, Нурдин уулу Сүйүнбек, Кенжебек Кекебаев, Сулумбек Узеналиев, Акимбай уулу Равшанбек, Шамсидин Кадыров жетектейт.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *