Эртең милициянын көчмө бөлүмдөрү иштей баштайт

Мезгил

Эртең, 7-августтан баштап, милициянын көчмө бөлүмдөрү иштей баштайт. Ички иштер министрлигиндеги аймактарды кыдырып иштөөнү алгач Чүйдүн Сокулук районундагы Орок жана Жаңы-Жер айылдарынан баштайт. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын көчмө бекети Орок айылында саат 10дон 12ге чейин, Жаңы-Жерде саат 14:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Бул көчмө топто министрликтин өкүлдөрү, Чүй облусунун милициясынын жетекчилери жана башка кызматкерлер болот. Айылдын жашооочулары милиция кызматкерлеринен ар кандай суроолоруна жооп алып, аймактагы тескөөчүнүн ишине баа бере алышат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *