Мезгил
Жумуш издеп жүргөндөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Эртең, 15-мартта Кыргыз Эл аралык университетинде вакансия жарманкеси өтөт. Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаанын 30дан ашык ишкана-уюму 4 миңдей жумуш ордун сунуштайт.
Жарманкенин жүрүшүндө студенттер жана окуучуларга тренингдер дагы каралган. Башталышы саат 10до.