Мезгил
Эртең, 17-февралдан тартып Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына талапкерлерден арыздар кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, документти тапшыруу мөөнөтү 17-мартка чейин, дем алыш күндөрдөн тышкары кабыл алынат.
Жаңы башчы болууну каалагандар үчүн бир катар талаптар бар. Ага жооп бербеген документтер кабыл алынбайт.
Эске салсак, учурда өлкө муфтийинин милдетин Жоробай Шергазиев аткарууда.