Мезгил
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 14-сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +7…+12
күндүз +21…+26
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +2…+7
күндүз +19…+24
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +10…+15
күндүз +23…+28
Баткен облусунда
түнкүсүн +12…+17
күндүз +24…+29
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +3..+.8
күндүз +18…+23
Нарын облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +19…+24
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +22…+24 градус болот.
Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +21…+23 градус болот.
Булак: Мезгил Ньюс