Эс алууда. Төрага Дастан Жумабеков чек ара боюнча маселени кароону четке какты

   Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал канчадан бери чечилбей чоң көйгөйгө айланып келет. Ал тургай бул чек арада жаңжалдын айынан адам өмүрү кыйылган. Мындай чыр ушул жылдын апрель айында да  орун алып жарандар каза болсо, канчалган адамдар жабыр тартышкан.  Ал эми бул көрүнүш кечээ жакында эле кайталанып, мамлекеттин эң негизги көйгөйлүү маселелеринин бирине айланды.

  Бул учурда  Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууда жүрүшкөн. Бирок мындай оор кырдаалда демейде опурулуп, Жогорку Кеңештин трибунасында өздөрүн элита сезишип, кыйкырып сүйлөгөн депутаттардын  бири да жок. Ал эми депутат Карамат Орозова  эл өкүлдөрүн кезексиз жыйынга чогултуу  боюнча спикерге кат жолдогонун айткан.   Анткен менен төрага Дастан Жумабеков тарабынан бул сунушту кабыл албай, “биздин ишибиз жок” деген мааниде жооп кайтарганы массалык маалымат каражаттарында айтылды.

 Эмне демечкибиз, шайлоо учурунда элден айланышып, ал эми качан маселе чыкканда эл менен иши жок болуп, эс алып жүргөн эл өкүлдөрү аман эле болушсун.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *