Эс тутум. Атамбаев бийликке келиш үчүн миң адамдын өлүмү да кеп бекен

   Мезгил

Феликс Куловдун “На перевале” аттуу мемуардык-эскерүү китебиндеги Алмаз Атамбаевдин мүнөзүнө тиешелүү болгон бир “штрихти” коомчулуктун эсине салып койсок ашыктык кылбас. Феликс Кулов Премьер-министр болуп турган 2006-2007-жылдарда оппозиция улам-улам элди митингге алып чыгып, бийликти тартып алууга аракет кылгандыгы белгилүү. Ошол кезде оппозиция лидерлери Феликс Куловго өз тараптарына өтүүнү сунуш кылышат. Бирок, ал тандем боюнча мурда кол коюлган макулдашууну бузууга бара албастыгын айтып, баш тартат. Дал мына ошондо Алмаз Атамбаевдин Феликс Куловго карата ормон-опуза менен айтып турган “кербези”:

“Мы захватим Белый Дом, и народ всех вас вышвырнет оттуда. Пусть погибнет тысяча человек с нашей стороны, но победа будет за нами!” (Ф.Кулов, “На перевале”, Москва, “Время”, 2008, 224- бет). – деген фразаны окурмандарга жеткирип коюуну туура көрдүк. Мындай олуттуу билдирүүдөн кийин, Атамбаевдин бийликке келиши үчүн миң адамдын өлүмү да кеп бекен деген ойдо калат экенсиң. Анткени, А. Атамбаев бул сөздү Ф. Куловго (2007-жылы) үч жыл мурда айтып жатат. Демек карапайым элди бийлик үчүн курмандыкка чалууга, ал алдын ала даяр болгон деп жыйынтык чыгарууга негиз бар. Азыр, ар бир жарандын укугу Конституция аркылуу корголгон демократиялык укуктук коомдо, айрым саясатчылардын өз тарапкерлерине жасаган мындай мамилеси, тээ мындан эки кылым мурдагы феодалдык доордогу, Абил бий сыяктуу өзүнүн жеке мансаптык келечеги үчүн (Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагыдай), керек болсо өз жигиттеринин бирин курмандыкка чалдырып жиберүүдөн да кайра тартпаган, жапайы жоруктан алда канча ашып түшкөн карөзгөйлүк экендиги талашсыз!

Эми ошол Атамбаев колуна курал кармап, катардагы жоокер эмес, 2006-жылы «лейтанант» деген каймана аты бар кылмышкерди жок кылууда атайын операцияга катышып, эрктүүлүгүн көрсөтө алган, 2009-жылы Өзгөндө болгон 7 жанкечтиге карата уюштурулган атайын операцияда өзгөчөлөнгөн жоокерге карата ок чыгарды. «Альфа» тобунун командиринин орун басары, атайын операцияны жетектеп жаткан Үсөн Ниязбеков элди 6 жыл жетектеген Атамбаев деген канкордун колунан окко учуп, каза болду. Кой-Таш операциясынан 25 жоокер жарат алып, анын бешөөсү оор абалда. Биринин көзүнө ок тийген.

Мына Атамбаевдин жасаганы, анын маска кийбеген накта канкор жүзү!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *