Эс тутум. Түгөлбай Сыдыкбеков: «Азыр беш ууч кыргыз бир ууч болушубуз керек»

 

Мезгил

Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыздардын учурдагы ыйкы-тыйкы абалына мурда эле ылайыктуу сөз айтып коюптур. 1991-жылы жарык көргөн «Ак бата» журналынын 1-санына жарыяланган жазуучу менен болгон маектен бир аз үзүндүлөрдү келтирсек.

Тил жөнүндө

Бирок буга чейинки жолдо чоң адашуулар болду. Ошондой адашууларыбыз азыр да бар, келатат катарыбызда. Бул – жанагы тилибизге баа бербестик, салтыбызды унутуп коюу, өзүбүздү-өзүбүз кемсинтип, үрп-адатыбызды унутуп коюу. Кыргыз тили менен, кыргыздын ой жүгүртүүсү менен, чоң адабиятка жетпейбиз, илимге жетпейбиз деген жолбун, болбогон, наадан аныктамаларыбызда чоң кемчилик бар. Бизден аз эл бар, маданияты жогору турган, биздин тилибизден кичине тил бар, баарын өздөштүрүп алган. Биздин тилибиз чоң тил, кыргыздын тили түрк тилинин негизи, а түрк тилинде 100 миллиондон ашык эл сүйлөйт.

  Орус эли жөнүндө айтканы

Биз кээде орустарды пас эл деп коёбуз, жо-ок, кокуй, булар абдан эпчил, айрыкча улутчулдук саясат жагынан абдан ийкемдүү да, бир топ орой да, карамүртөз да келишет.

Бөлүнбө кыргыз

Буларды айткан себебим, кыргыздар тээ атам замандан көчмөн болуп, уруу-урууга бөлүнүп жашап келгендиктен, ушул жердештик, уруулук жаман адат болуп калган. Мунун кезинде жакшы жагы да болгон, өз заманында туура болгон, бирин-бири колдошкон, бирине-бири арка-бел болгон, четтен келген душмандардан коргонушкан. Азыр эми заман башка, өзгөрдү, эми беш ууч кыргыз бир ууч болушу керек. Ансыз жем болобуз, баягы Бакай атабыз айткандай: «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет» болобуз.

Кошоматчылык, эки жүздүүлүк

Анан эми бир кыл жазуучулар Сталиндин убактысында Сталинди аябай мактагандары болду, кийин Сталин сыналганда аны аябай сөгүп, Хрущевду мактагандары болду. Мен аттарын атабай эле коёюн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *