Эсепсиз суроо элде бар: Бишкек мэрин шайлоо соодага айландыбы?

Мезгил

 Элдин үнүн коомчулукка же бийлик башында отурган аткаминерлерге жеткире албай кыйналган замандаштарыбыз көп. Акыйкат издеп, арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин көйгөйүн «Mezgilnews» аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз, нааразычылыгыңыз же коомчулуктун «үнү» менен кайрылуу жасайм десеңиз “Эл сурак” рубрикасына кайрылыңыз.

Эски бийликтин тушунда эсепсиз жеп-ичип, коррупцияга белчесинен баткан экс-мэр Альбек Ибраимов козголгон кылмыш ишинин негизинде эки айга камакка алынган соң орустар “Святое место пусто не бывает”,- демекчи,  бул майлуу орун коомчулукта көкбөрүгө айланып, бүйүрдү кызытууда.

Бул аламан байгенин бир тарабында эл менен шаардыктар, өлкөбүздүн, борбор шаарыбыздын келечегине кайдыгер эмес кыргызстандыктар турса, экинчи жагында бийлик менен чиновниктер болууда. Коррупция менен жеп-ичмейден, кландык, жердешчилик башкаруудан көңүлү үч көчкөн журттай калган эл бул ирет “биздин колубуздан да бир нерсе келер” деген үмүт менен таза, чарбачыл жана прогрессивдүү ой жүгүртө билген, бийликтин саясый оюндарынан алыс талапкердин шаар башчылыгына келишин күтсө, айрым аткаминерлер  тараптан баягы эле өздөрүнүн айдактаган жагына көнүп, жеке кызыкчылыктарын “хоп ляппай” деп аткара турган элпек мэрди эптеп отургузуунун айла-амалдарын көрүшүүдө.

Жөнөкөй жарандар, карапайым шаардыктар өлкөбүздүн борбор калаасынын башчылыгына өздөрү ылайык көргөн талапкерлерди аташып, ал тургай социалдык тармактарда “шайлоо” да жүрүп кетти. Бир чети жалгыз гана жетишкендигибиз демократия, ой-пикирлердин плюрализми болгон өлкөбүздө жок дегенде сөзүбүздү айтканга укугубуз бар эмеспи. Бул жөн гана социалдык тармакта отуруп алып оюна келгенди айтып, жазып койгон бекерчилердин пикири эмес, жок дегенде бир миллион бишкектиктердин талабы да болуп саналат.

Чындыгында Бишкектин 130 жылдан ашык тарыхы болгон менен өзгөчө акыркы 27 жылда өнүкпөй эле жолдору талкаланып, бир да заманбап үлгүдөгү, архитектурасы улуттук колоритке ылайык имарат курулган жок. Шаардын чет жагын мындай кой, борбордук көчөлөрдөгү жолдор менен тротуарлардан ашмалтайы чыгып, чак түштө жөө адам мүдүрүлүп жыгылат. Коомдук транспорттун абалы мышык ыйлагыдай. Тегерек четин болсо жаңы конуштардагы жер тамдар баррикададай курчап алган. Алардын суу, электр энергия, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык көйгөйлөрү курч бойдон кала берүүдө. Анткени жогоруда айтылгандай, буга чейинки шаар жетекчилиги жалаң гана Ак үйдүн саясый буюртмасын аткаруу үчүн шайлоолордо шайтан оюндар менен алектенип, өздөрү болсо жеке кызыкчылыгын чечип  келишти.

Бул айткандарыбызга азыр абакта жаткан экс-мэр А. Ибраимовдун 30 гектардан ашык жерди Кытай дубалындай тосуп алып, ичине уйгурстан мамлекетин кура баштаганы жана аялы экөөсүнө 186 объект катталгандыгы далил болот. Ал эми жеген менен ичкенди, пара алгандан башканы билбеген майда чиновниктер, райондордун башчылары менен кварталдык комитеттердин төрагалары карапайым калктын канын мите курттай соруп келди.

Эми бийлик, чиновник дегендерден көңүлү үч көчкөн журттай калган эл бизди ойлогон, таза, шаарды өнүктүрө ала турган мэр келер бекен деген үмүт менен социалдык тармактар аркылуу өз үнүн билдирип атышат. Бир чети мамлекеттик маалымат каражаттары калыс, элдик пикирге мурдагыдай эле орун бербегендиктен, ушундай гана жол менен жогор жактагыларга жан дүйнөнүн кыйкырыгын угузуу аргасы калууда.

Тилекке каршы мыйзам боюнча шаар мэрин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары гана көрсөтүп, шайлай алышат. Балким, социалдык тармактардагы озунуп өз талапкерлерин сунуштагандар  ошол шаар парламентинин депутаттары  пикирлерге көңүл бурабы деген да ойдо болушкандыр. Эң негизгиси акыркы жылдары бир да чарбачылык жумуштар жасалбай, “Большая деревня” деген атка конгон Бишкектин көйгөйлөрү чачтан да көп экендиги белгилүү. Ошондуктан жогорудагы социалдык тармактарда жеке пикирин айткандардын ар биринин шаарыбыз оңолсо экен, ири мегаполистерге теңеле албаса да, кошуна өлкөлөрдүн баш калааларына окшошсо деп күйүп-бышып жатышкандыгы көрүнүп-билинип эле турбадыбы. Андан тышкары жалаң гана саясый оюндардын ордосуна жана Ак үйдөгүлөрдүн бизнесине айланган, жеке өздөрү гана байып, бишкектиктердин көйгөйлөрү чечилбей келиши да бул ирет жарандык коомдун жандануусуна түрткү болду окшойт.

Кантсе да жаңы бийлик, Президент С. Жээнбеков элге жакыныраак болуп, жакында эле 40 жарандык уюмдардын лидерлерин кабыл алып, коррупция менен күрөшүүдө алардын жардамына таянарын билдиргендиги деле дем берди окшойт.

Бирок шаардык депутаттардын мамилеси “аңгектен качсаң дөңгөккө кабыласың”,- дегендей эле элдин үмүтүнө суу сепкендей болду. Баардыгынан да көпчүлүк коалиция көрсөтө турган талапкер расмий түрдө сессияда эмес, кафе, ресторан, сауна, кофейняларда аныкталып, бийлик партиясынын лидери сый тамак бере тургандыгы тууралуу сөздөр, далилдүү видеолор интернет желелерине чыгып кетиши  келмебизди оозубуздан түшүрүп койду. Сыягы, баарыбыз кландык, үй-бүлөлүк башкарууну орнотту деп жек көргөн Акаев, Бакиев, Атамбаев доорунда деле бийликтин кадыры мынчалык кафе, кофейня деңгээлине түшүп, элге жек көрүнгөн эместир. Мурда, А. Акаевдин тушунда Бишкектин мэрин,  жаңылбасам райондордун акимдерин деле эл шайлап, татыктуу талапкерлерге мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок бийлик мындай ачык, чыныгы демократиялуу шайлоо болгондо башкаруу союлун колдон алдырып коёрун түшүнүп, шаардык Кеңешке мэрди шайлоо укугун берип койгон. Ал эми депутаттар ким экендиги, деңгээли жана элдин эмес, Ак үйдүн буюртмасын аткарары бештен белгилүү эмеспи. Ачык айтканда, бул баягы эле бийликтегилердин ашмалтайы чыккан “мен сага, сен мага” деген саясый соодалашуусу менен жеке кызыкчылыгынан алыс узай албагандыгы болуп саналат.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өтө жоопкерчиликтүү, саясый жана чарбачыл кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы болгон Азиз Суракматовду шаар парламентинин көпчүлүк коалициясы колдоп жатат. Эл менен бишкектиктер азыр кумдагы сепилдей ураган бийликтин КСДП фракциясыны бийликтеги чиновниктери коррупцияга айыпталып четинен камалып жаткандыгына карашпай Суракматовду колдоп жатышканын көрүп туруп, ого бетер кыжыры келүүдө. Анын үстүнө А. Суракматовдун курулуш компаниясы, базар, кафелери сыяктуу жеке бизнестери бар экендиги айтылууда. Айтор бир бизнесменден кутулуп, кайра башкасына тутулабызбы?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу коомчулукка  кайрылуу таратып, “кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрликке, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына коомчулук, массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, саясатчылар жана бишкектиктер каршы болушу керек” деп айтты.

Эгер шайлоо боло турган 8-августка чейин башка да жарандык коомдор, келечегибизге кайдыгар эмес шаардыктар депутаттын бул демилгесин колдоп, Ак үй менен Көк үйгө мындай талапты аткарууну каттуу талап кылышса, бийлик элдин пикирин эске алат чыгаар….

Автор: А. Жапаров.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *