Эсепсиз суроо элде бар: Уларбек Зарлыкович 670 килограмм героин Кыргызстандын чек арасынан кантип чыгып кетти?

Мезгил

Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын “Mezgilnews” сайты аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик.

Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо “Эл сурак” рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0707 87 09 09  Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевге: 670 килограмм героин Кыргызстандын чек арасынан кантип чыгып кеткен?

Өлкөнүн талуу жери-чек ара көйгөйү экени баарына маалым. Айрыкча, Баткен облусунда бул маселе калктын “баш оорусуна” айланган. Эгемен болгонубузга жыйырма беш жылдан ашып баратканы менен чек ара маселесин бир жаңсыл чечип, чекит койгон жетекчи болбоду. Мамат Айбалаев кызматта турганда гана кыргыз-өзбек чек арасын таасындап, жолго салып, элдин ыраазылыгын алган болчу. Ошондон бери мындай чечкиндүү кадамдарга бир да жетекчи бара элек. Маселен, Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл округу Тажикстан менен чектешет. Ал тарапта чек ара көзөмөлү жетиштүү болбогондуктан контрабандалык жүктөр, атүгүл баңгизаттар оңой-олтоң өтүп кетерин угуп жүрөм. Дегиле кыргыз чек арасында качан тартип болот?

Мына, эл аралык маалымат агенттиктери 31-майдан 1-июнга караган түнү немис бажычылары Германия менен Польшанын чек арасында Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу машине кармалганын жазып чыгышты.

Текшерүү учурунда анын ичинен 670 килограмм героин – оор баңгизат табылган. Бул жүк бал жана шириндиктер катары катары документтештирилип, тууралаштырылган.

Баңгизат ар бири 1,3 килограммдан турган 532 таңгакка салынып, ар биринин сыртында «Халва» деген этикетка болгон. Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу машиненин айдоочусу – 63 жаштагы түрк жараны кармалып, тергөөдө машиненин ичинде эмне жүк бар экенин билбегенин айткан. Айдоочу кармалып, эң негизги шектүү катары камакка алынган. Жүк ташуучу машине грузин мамлекеттик номери менен болгон.

Кармалган жүктүн документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Немис-поляк чек ара тилкесинде аталган көлөмдө кармалган оор баңгизаттын орточо базар баасы 45-50 млн. долларга барабар экени көрсөтүлгөн

Түспөлүнө караганда жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча кармалган баңгизат ооган героини экени тастыкталган. Кармалган баңгизаттын партиясы Германиянын эле эмес, Европанын соңку тарыхындагы эң чоң көлөмдөгү героин экенин немис басылмалары жазып чыгышты.

Уларбек мырза, мындай мыйзамга туура келбеген “баалуу” жүктөр кантип Кыргызстандын чек арасынан чыгып кеткен. Же буга сиздин да салымыңыз барбы? Дегиле чек арада темирдей тартип качан орнойт? Бүткүл дүйнөгө Кыргызстандын кадыр-баркын түшүргөн мындай окуяга сиз жетектеген мекеме жол бергени үчүн сиз моралдык күнөөңүздү сезесизби? Сезсеңиз эмне үчүн кызматтан кетпей креслого жармашып отурасыз?

Азамат Жекшенов, Баткен облусу

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *