Эсептөө палатасынын инспектору медицина кызматкеринен пара талап кылып кармалды

Мезгил

 Эсептөө палатасынын инспектору пара менен кармалды. Бул туурасында коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын апрель айында Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери инспекторго 60 миң сом алып келип берип, калган каражатты кызматкерлер чогултуп берерин айткан.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 29-июлунда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми пара берген №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерине карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *