Европанын поп-жылдызы Эйва Макс

Мезгил

Европа жылдызы 2018-жылы «Sweet But Psycho» ыры менен популярдуу болгон ак жуумал келген  Эйва Макстын  жеке жашооосу чыгармачылыгы тууралуу жакындан таанышып көрөлү.

Ырчынын толук аты-жөнү Аманда Эйва Кочи. Ал  1994жылы Американын Висконсин штатында жарыка келген. Келечектеги ырчынын апасы опера ырчысы болгон. Эйванын чыгармачылыкка болгон кызыгуусуна апасы таасир эткен. Бала чагында энесинин ырдагнын көрүп жүрүп аны турап ырдап аракет кыла берчү.  Өспүрүм кезинде музыкалык сынактарга катышып жеңип алган.

Чыгармачылык карьерасынын башталышы

Кичинекей кезинде  эле ырчы болууну кыялданган Эйва 14 жашында Лос-Анджелеске музыкалык билим алуу үчүн 2010-жылы барат. Окуп иштеп үй-бүлөсүнө жардам бере баштаган. 2016-жылы Эйванын багы ачылып колифорниялык музыкант жана продюсер Уэсом Джеймсом мнен чогуу иштешип калган. Эки таланттуу музыканттар 2017-жылы хит болгон  «Clap Your Hands» аталышындагы ырды чогу аткарып чыгышкан.

Ушул убактарда ырчы чыгармачылыгын үстүнөн көп иштеп эмгектенген. 2018-жылы белгилүү репер Вит Лоури менен «Into Your Arms» ырын ырдашып ага клип тартырган.Эйва Макс Aqua тобу менен «Not Your Barbie Girl», «My Way» жана «Slippin» ырын чогу  ырдап өз күйөрмандарын таба алган.

Айрыкча, жалгыз өзүнүн аткаруусунда «Let it Be Me» ыры аркылуу аты чыгып таанымал болгон.

Таланттуу музыкант жана  продюсерлердин бири Генри Уолтер музыка дүйнөсүндө каймана  Cirkut аты менен белгилүү  жаш артистке аябай колдоо көрсөткөн. 2018-жылы «Sweet But Psycho» ырына видеоклип тартырып  дүйнөлү жарган. Дал ушул композициясында өзүнүн уникалдуу стилин  менен чыккан. 

Жеке жашоосу

Ырчы Эйва Макс өзүнүн жеке жашоосу тууралуу ачык айта бергенди жактыра бербейт. Учурда поп-музыканын жылдызы ата-энеси жана иниси менен жашайт.  Макс инстаграммдагы жеке баракчасына өзүнүн ар кандай иш-чараларга концерттерге катышканы туурасында сүрөт видеолорун жүктөп турат.

Макстын айтуусу боюнча баардык ырлары жеке өзүнө таандык.  

 

Кызыктуу фактылар

«Sweet but Psycho» аталышындагы ыры “Жагымдуу бирок жинди2 деп которулат. Бул ырдагы сөз Эйванын өзү тууралуу айтылат.

Эйва Максты көп учурда белгилүү Леди Гагага окшоштурушат. Анын чыныгы кумир туткан ырчы Мэрайя Кэри.  Эйва америкалык ырчы бийчи Бруно Марс менен дуэт жаздырууну кыялданат.

Карьера жасоо үчүн тогуз жыл убакыт кортотуп эмгектенген.

Ырчынын девизи-  уникалдуу болуу жана  оюңда эмне болсо ачык айтып чынчыл болуу.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *