Мезгил.
Депутат Мухтар Айнакуловдун билдирүүсүнө КСДП кеч калбай жооп кайтарды. Аталган депутат Кубат Оторбаевди парламент акыйкатчылыкка ал кездеги президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун көрсөтмөсү менен шайлагандыгын жарыялаган болчу.
Ал эми КСДП бул маалыматты чындыкка коошпойт деп билдирди. Фарид Ниязов: “Мен эч убакта депутаттарды башкарган эмесмин”, – деди.
Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматтан өз каалоосу менен ушул жылдын июнь айында кеткен. Учурда парламент жаңы акыйкатчыны шайлоого даярдык көрүүдө.
Булак: Мезгил Ньюс