«Фейк» министр Азамат Жамангулов

   Мезгил

Фейк сөзүнүн мааниси англисчеден которгондо жалган, жасалма дегенди билдирет экен. Дагы бир маалыматтарда фейк деген сөз англисчеден эмес, жапончодон келип чыккан деп да жүрүшөт. Бул сөзгө жиктөө берилгенде неологизм жана жаргонизм сөз деп жазылып жүрөт. Башкача айтканда тилибизге жаңы кирген сөз, бирок, тар чөйрөдө жаргон катары колдонулат, адабий тилдин нормасына кире элек деп түшүнсөк болот. Буга байланыштуу официалдуу иш кагаздарында, мамлекеттик жолугушууларда интеллигенциянын өкүлдөрү фейкти фейк деп айтпастан, жасалма, калп, жалган деген сөздөр менен айтып, ал эми интернет тилинде «фейк» деп атап коюшат десе түшүнүктүү болот. Себеби жолугушууларда, доклад окуганда мамлекеттик жетекчилер официалдуу стилдин негизинде, адабий тилдин нормасында ылайык, жалпы элге түшүнүктүү сүлөшү шарт жана талап.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловду «фейк» министр деп жазып жатканыбызга, чындыкты бетке айткан сыныбызга чычалабасын. Анткени фейк деген сөз кечөө бул тууралуу өткөн конференцияда анын оозунан чыкты. Ал жыйында болгон журналисттер, маалымат технологиясынын өкүлдөрү фейкти фейк деп айтса боло берет деген пикирдебиз. Анткени алар Азамат Жамангуловго окшоп мамлекеттик кызматта иштеген, официалдуу кишилер эмес, эркин жарандар. Ал эми урматтуу министр болсо болгондо да маданият, ЖМК, туризм тармагын мыкчып олтурган чоң мамлекеттик кызматкер. Анын жыйындарда фейк деп жаргон менен сүйлөгөндүгү осол иш. Кызмат этикасын сактабагандык, сабатсыздык деп айтсак да аша чапкандык болбос. Жамангулов жаргон менен сүйлөймүн деп, өзү сабаттуу болсо да «катачы эжеке» атыккан министр Гүлмира Кудайбердиевадан ашып түштү. Бир кезде Зарылбек Рысалиев да ЖКда «красный», «чёрный» деп абактагылардын жаргону менен сүйлөй коём деп сынга кабылган. Министрлер сабаттуу болуп, жолугушууларда мамлекеттик тилде таза сүйлөп, үлгү болбосо, башкалар андан кем калмак беле?

Эгер Маданият министринин жолун улай турган болсок, анда жалпы журт жаргон, прикол, варвардык сөздөр менен сүйлөп калабы? Маселен, муфтий Максат ажы менен Турсунбай Бакир уулунун телефон аркылуу жаргондошуп жатканы кандай болот деп элестетип көрөлү.

Максат ажы: – Туке братан, после жума сходкасынан жолукпайлыбы?

Бакир уулу: – Хопчик, братишка. Кай жерден скантуемся?

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *