«Фейсбук» күн сайын миллион фейк аккаунтарды өчүрүүдө

   Мезгил

 «Фейсбук» күн сайын миллион фейк аккаунтарды өчүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул иштер саясий кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди.

-Учурда биз күнүгө миллиондон ашуун жалган аккаунттарды өчүрүп жатабыз. Көбү катталган соң бир нече мүнөттөн кийин эле билинет. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары — өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү-деди Цукерберг.

Муну менен катар эле ал «Фейсбук» 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөнүн кошумчалады.

 Россия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште «Фейсбукту» колдонууга да айыпталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Фейсбук компаниясы жарым жылда 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүргөнгө жетишкен.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *