Фейсбук «парламентке», посттор «микрофонго» айланып, Эльвира Сурабалдиева сүйлөп жатты түшүндө-ө…

  Мезгил.

   Жайкы эс алуу учурунда элди эриктирбеген депутат Эльвира Сурабалдиеванын социалдык тармактардагы живой, ып-ысык хохмаларынан бир үзүм.

Депутат айымдын Фейсбуктагы посту:

«Урматтуу Төрага! Урматтуу коллегалар!
Элдин айласын кетиртпей, депутаттар чогулуп, маселени талкуулайлычы. Көңүлүн калтырып бүттүк, жалгыз таштап салдык – канча ызы-чуунун үстүндө жай бою жүрөбүз. Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жаткан видеолор таратылып жатат. Өкмөт менен президентти да чакыралы
»

Эмне бизде фейсбук аркылуу онлойн режиминде ЖКнын VI чакырылышынын кезексиз чогулган сессиясы жүрүп жатабы? Анда төрага Дастан Жумабеков кайда? Көрүнбөйт го? Элвира Сурабалдиева «Урматтуу Төрага! Урматтуу коллегалар!» деп кимге кайрылып жатат? «Көңүлүн калтырып бүттүк», «жалгыз таштап салдык», «канча ызы-чуунун үстүндө жай бою жүрөбүз» деп жатабы? Кимге айтып жатат?

«Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жаткан видеолор таратылып жатат» дейби? Ооба, Элвира айым сиз эс алып, эриккенде фейсбукка кирип турган кезде Солтон-Сарыда милиция элди эмес, тескерисинче эл милицияны коргоп калды. Бул тууралуу «видеолор таратылып жатат» өзүңүз айтып жатасыз го?!

«Өкмөт менен президентти да чакыралы» депсиз. Өкмөт башчы да сизчилеп «2 кыргыз кытайдан токмок жесе не болуптур, кенди иштетиш керек, инвесторлорду үркүтпөш керек» деп кабинетинен чыга албай башы айланып олтурат. Фейсбукта ачылган кезексиз сессияга келе албайт. Президент болсо эмгек өргүүсүнө официалдуу түрдө чыгып, Чолпон-Атада эс алып жатканын биле элек чыгарсыз. Же муну сизге Фейсбук аркылуу Камчы Көлбаев айткан жок беле? «Туулган күнүмдү көл жээгинде тосоюн десем президент эс алганы келип алып, тоого кетүүгө туура келди» деп.

Экинчи пост:

«Урматтуу туугандар. Өкмөт өкүлдөрү Солтон-Сарыга жөнөптүр. Паникага берилбеш керек, маселе чечилип, жоопкерчиликке күнөлүүлөр тартылат деген жооп келди. Бекер ызы-чуу чыгарбай, элге да, бийликтегилерге да жаман көрүнбөй, эс алууну уланта бер деген да сунуштар болду. Макул. Комменттерди жазгандарга ыраазычылык, ой-пикирлер кызыккан тараптардын көпчүлүгүнө маалымат болсун»

«Маселе чечилип, жоопкерчиликке күнөлүүлөр тартылат деген жооп келди» дейсиз, жооп Фейсбук аркылуу официалдуу түрдө алындыбы? Ким жиберди? «Бекер ызы-чуу чыгарбай, элге да, бийликтегилерге да жаман көрүнбөй, эс алууну уланта бер деген да сунуштар болду» депсиз, сунуш туура айтылыптыр, эс ала бериңиз! Ушуну менен Фейсбкутагы ЖКнын VI чакырылышынын кезексиз чогулган сессиясы жабылды…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *