Мезгил
Улуттук филармонияда чыккан өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда экспертиза жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, атайын өрттөө болгон эмес.
Кошумчалай кетсек, имараттын 200 чарчы метри күйүп кеткен. Анда музыкалык аспаптар өрттөнгөн.
Булак: Мезгил Ньюс