Форум имаратынын алдында митинг болбой калды

Мезгил

КСДПнын мүчөсү Фарид Ниязов “Форум” мекемесинин алдында митинг болбой калганын билдирди. Анын айтымында “Кой-Ташты көздөй күч түзүмдөрү келатат” деген маалыматтан кийин ушундай чечим кабыл алынган.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *