Францияда биздин теннисчи кызды неге кармашууда?

   Мезгил

Франциялык “Le Monde» басылмасы Борбордук Азиядан келген эки теннисчи кыз полиция тарабынан кармалып тургандыгы тууралуу жазып чыкты. Алардын бири Өзбекстандан барган болсо, бири кыргызстандык оюнчу кыз. Кармоо 23-24-сентябрь күндөрү болгон. Аларга карата теннис оюнунда жеңилип берүү боюнча алдын ала сүйлөшүп алышкан деген айып тагышкан. Айрым маалыматтар боюнча биздин кыз ортомчу болгон имиш. Ал эми өзбекстандык кыз жеңилип бермек деген маалыматты букмейкерлер француз полициясына кабарлашакан.

Теннис боюнча оюн Франциянын Гоннезе шаарында өтмөк. Анын байге фонду 15 миң долларды түзгөн. Эске сала кетсек францияда аялдар арасындагы ITF турнири учурда өтүп жатат. Ага биздин спортсмен кызыбыз Ксения Палкина катышууга барган. Анын машыктыруучусу Ксения менен байланышууга болбой жаткандыгын, окуяга байланыштуу толук маалыматы жок экендигин ЖМКга билдирген.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *