7-сентябрдан 21-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү менен Исанов көчөсүнүн ортосундагы Фрунзе көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган аймакта газ өткөрүү түйүндөрүн оңдолот. Ишти «Атайын монтаж» ЖЧКсы жүргүзөт.
Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Булак: Мезгил Ньюс