Мезгил
“Дордой” 3-апрелде Бишкекте түркмөнстандык команда менен беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө чемпиону АФК кубогунун алкагында тайпа этабында ойнойт.
Биринчи жолугушуу “Алтын Асыр” клубуна каршы болуп, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат.
Жалпысынан “Дордой” “Д” тобунда, ошондой эле, тажикстандык “Худжанд” жана “Истиклол” менен беттешет.
Эске салсак, АФК кубогуна Оштун “Алай” командасы дагы катышып жаткан.
Бирок ал тандоо турунда эле чыгышын токтотту.