Мезгил
Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду сактап калды. Эл аралык федерация жаңыланган табелди жарыялады.
Ага ылайык, биздин мекендештер өз позициясын сактап калды. Учурда эсепте 1 миң 240 упай бар.
Кошумчаласак, Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан 15-сапта. Рейтингде лидерликти Япония 1,5 миң упай менен кармап турса, андан кийинки орунда Иран 1 миң 489 упай менен жайгашты.
Мезгил ньюс