Футболчу Маттейс де Лигт “Ювентус” клубунда ойнойт

Мезгил

“Аякс” клубунун 19 жаштагы  капитаны Маттейс де Лигт туриндик “Ювентуска” өтөт. Бул тууралуу чет элдик Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  буга чейин “Аякс” клубунун капитаны менен сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Ушул жумада футболчу медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин расмий трансфери болору айтылууда.

Жаңы команда да Лигт 4-номер менен ойнойт. Ал эми футболчу Маттейс де Лигт  үчүн “Ювентус” клубу 75миллион евро берет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *