футболго жаңы эрежелер киргизилди. Алар кайсылар?

Мезгил

Футболго жаңы эрежелер киргизилди. 2-мартта Шотландияда футболдук ассоциациялардын эл аралык кеңешинин жыйыны өтүп, жалпысынан 7 жаңы эреже кабыл алынды.

Алсак, гол жараткан же голдук пас чыгарып берген оюнчунун колу топко кокустан тийип кетсе эреже бузуу катары саналып, киргизилген гол эсептелбейт. Алмашууга кетип жаткан оюнчу өзүнө жакын турган капталдагы чийин аркылуу чыгып кетүүгө милдеттүү.

Буга чейин машыктыруучулар оозеки түрдө эскертүү алып же талаадан четтетилип келсе, мындан ары аларга да сары жана кызыл айып кагаздары берилет.

Топ калыска тийип кеткен учурда оюн токтотулуп, топ талашка коюлат. Жаңы эрежелер ушул жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *