Гүлназ Бекбосун кызы: Апам келбес сапарга кеткенин билсем да, бир күнү телефон чалчудай үмүтүм үзүлгөн жок

Мезгил

Энеден өткөн эне жок, энеге кандай гана сөз берметтерин арнап, кандай гана мактоолорду айтсак жарашат. Дүйнөдөгү баа жеткис, асыл адамыбыз туурасында сөз түгөнбөйт. Биздин бул жолку “Энеден өткөн эне жок” рубрикабызга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы апасы туурасында айтып берди.

Апамдын туулган күнү майрам эле

Эне – деген дүйнөдөгү орду толгус, ааламды сактап турган жан экен. Энем тирүү богондо быйыл 22-апрелде 73 жашка чыкмак. Туулган күнүндө бир туугандар чогулуп, төркүнүмдүн төл башы козусун жеп, 22-апрелде биздин үйдө ар дайым майрам болоор эле. Апамдын көзү өтүп кеткенине төрт жыл болду, 69 жашында оюбузда жок жерден каза болуп калды. Атам экөө сегиз баланы тарбиялап, эрезеге жеткирди. Ата-эне бала үчүн болгон күчүн жумушайт тура. Баарыбыздын бактыбызды тилеп, жогорку окуу жайга окутту. Атам болсо 60 жашында ооруп каза болгон. Атамдын көзү өткөн кезде 22 жашта экемин. Жаштык менен жоготууну көп билген эмес окшойм. Бирок, апамдын каза болгону өтө оор болду. Турмуштун ачуу-таттуусун сезип калгангабы, айтор көпкө апамды жоктоп кыйналдым.

Шырдак, ала кийиз жасаган ус аял эле

Апамдын айылда кадыр-баркы жогору, өзгөчө касиети бар адам эле. Тууган-урукта жамандык-жакшылык болгондо апам баш-көз болуп туруп, кыргыздын салт-санаасын, аялзатына тиешелүү иштерди мыкты аткарып келген. Бул тууралуу айылга барсам улуу апалар, жеңелер көп эскерип калышат.

Апам аялзатына таандык баардык жумуштарды майын чыгара жасачу. Шырдак, ала кийиз жасап, колунан көөрү төгүлгөн ус эле. Айылдын аялдары шырдактын оюуларын апама ойдуртуп кетишчү. Эсимде мен жогорку класста окуп жүргөн кезде, биздин мектепке “Этнографиялык мектеп” деп аталып, апамдын мыкты кол өнөрчүлүгүнөн улам ала кийиз, шырдактын кандай жасалаары боюнча сабак берген. Ошол кезде Бишкек шаарында өтө турчу көргөзмөгө катышууга мага кичинекей шырдак жасатты. Баягы шырдакты көтөрүп апам экөөбүз сынакка катышып, алдыңкы орунга ээ болуп, белек алып кеткенибиз эсимде.

Апам жапкан нанды сагынам

Биз бала кезде апам тандырга нан жаап берчү. Анда азыркыдай кургак ачыткы жок, камырдан алып коюп ачытып алышчу. Азыркы тандырларга нан жабуу оңой, мен бала кезде тандырга нан жабуу ушунчалык оор эле. Апам тандырга нан жапканды, камыры кандай жууруларын ар дайым үйрөтчү. Бирок, бир жолу эсимде 7-8-класс кезимде апамдын ошондо эле жүрөгү ооручу, шаарга ооруканага жатканы кетти. Айылдагы чоңурак кыз мен болгондуктан, апамдын түйшүгү менин мойнумда калды. Тандырга нан жабуу керек болду. Камырын жакшы жууругуным менен тандырым ысыбай, жапкан наным четинен тандырдын ичине чокко куюлуп түшөт, мен болсо ыйлап алгамын. Ошондо билдим апамдын нанын, апамдын баркын. Андан кийин нан жапканды да үйрөндүм. Чындыгында эненин колунан жасалган нанга эч нерсе жетпейт. Турмушка чыккандан кийин да апама “бузулуп калган тандырды, кайра салдыртып, дал ошондой нан жаап бериңизчи” деп айта берчүмүн. Учурда тандыр нандын түрүн жесем дагы, апам жапкандай, бала кезимдегидей нанды эч жерден таппай келем. Ошондой эле апам колго камыр жууруп, жайып кесме тамагын жасап берчү. Азыр ошол тамакты мен канча аракет менен жасасам да апамдыкына эч окшошпойт.

Эненин баркын өзүбүз эне болгодо гана сезет экенбиз

Апам тартипти темирдей сактачу. Баарыбыз катуу тартипте кармады. Айылдын бүтпөгөн жумуштарынын барына көндүргөн. Эненин баркы өзүбүз эне болгодо гана сезет экенбиз. Биз студент болуп чоңоюп калганда, же кийин турмушка чыкканда деле ал-абалымды сурап санааркай берсе, “апа, кайра –кайра эле бизди сурай бересизби?” деп таңкалчумун. Кийин элге таанылып, аймактарга гастролдоп же жакшылыктарга чыгып кетсем. Апам кайра-кайра чалып, “барчу жагыңа жеттиңби, үйгө келдиңби? жеткенде чалып кой” дей берчү. Азыр неге ар бир алыска кеткенимди апамды сарсанаа кылып айта бергемин, кичине калп айтып койсом болмок деп ойлоном.

Апам келбес сапарга кеткенин билсем да, бир күнү телефон чалчудай үмүтүм үзүлгөн жок

Апамдын көзү өткөндөн кийин дагы телефонума сакталган апамдын номерин көпкө өчүрбөй апам келбес сапарга кеткенин билсем да, бир күнү телефон чалчудай үмүтүм үзүлгөн жок. Биз канчага чыксак дагы энеге бала бойдон экенбиз да. Эми ошонун баарын өзүм эне болгонда түшүндүм. Эки кызым чоңоюп калса да санааркай берем, апам да мага ушундай мээримин төкөнүн салыштырам.

Апам мени мугалим же дарыгер кесибинде көргүсү келди

Апам менин ырчы болушума каршы болуп, “кыз кишинин үй-бүлөсү, кайын журту ырчылык кесибин туура түшүнөбү?” деп, ырдаганыма көпкө маани бербей жүрдү. Апам мени мугалим же дарыгер кесибинде көргүсү келди. Кийин ырдап чыгып, сынактарга катышып “Ысык-Көл 99” теле фестивалында–  фольклор жанрында үчүнчү орунду жеңдим, ал эми Кара-Колдо өткөн “Ысык-Көл 2001” сынагына гран-принин ээси болдум. Ошондон кийин апам “ Менин кызым жөн кыз эмес экен”- деп, өзүнүн кеп-кеңештерин берип, өнөрүмдү колдоп келди. Алтургай кийимиме чейин кеп-кеңешин айтып, эл алдында жакшынакай чыгышымды талап кылчу. “Ырчы болушумду каалабай жүрүп, эми жан тартып калдыңыз го” деп күлөөр элем.

Апама кандай жакшы сөздөрдү айттым экен деп ойлоном

Апам жөнүндө сөз берметтери түгөнбөйт. Апаларга бардык мактоолор жарашат. Катардагы интервьюну көнүп калгандай эле жооп берчүмүн. Бирок, апам туууралуу айтып берерде ойлонуп-толгонуп жооп бердим. Апам тирүү болсо кандай жакшы сөз болсо апама арнайт элем. Баалуу кийим болсо бир гана апама сатып берер элем. Эс алуучу жакшы жай болсо апамды алып бараар элем. Апама кандай жакшы сөздөрдү айттым экен деп ойлоном. “Мени ушундай ырчы, ушундай деңгелдеги адам кылып тарбиялаганыңа ыраазымын” деп айттым бекен деп көп ойлоном. Өзүмдүн суроомо, өзүм жооп бере албай келем. “Кимдин апасы бар болсо, ошол адам абдан бактылуу” деп дайыма айтам. Сен жакшысыңбы, жамансыңбы кандай адам болсоң да, эне кандай болсоң, ошондой кабыл алат, өз мээримине, өз кучагына алат. Дүйнөдө энелер бар болсун.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *