Мезгил
Гемодиализ алуучу бейтаптар үчүн сатылып алынган препарат жараксыз деп табылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүүнү Генпрокуратура жүргүздү.
Белгилей салсак, буга чейин гемодиализ алган жарандар жаңы сунушталган дарыга даттанып чыгышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги швейцариялык препараттын ордуна индиялык дарыны сатып алып, таасир бирдей экенине ишендирген.
Генпрокуратура аталган дары клиникалык иликтөөдөн өтпөгөнүн аныктап, мыйзам бузууну жоюуну тапшырды.
Булак: Мезгил Ньюс