Гемодиализ кызматын көрсөткөн клиникалар салыктан бошотулат

Мезгил

Бүгүнкү күндө гемодиализ процедурасына муктаждар көбөйүүдө. Мындан улам салык жеңилдиктерин берүү каралууда. Менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын наркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медицина кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.

Буга ылайык, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 26-июнда кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Салык кодекси 2515-берене менен толукталды, ага ылайык жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 12 жеке медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат.

Ал эми мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондорду азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *