Генералдар «кагылышы», кимдин «салмагы» оор?

Мезгил

Эки генерал-майордун тирешүүсү уланып жатат. Бири жумуштан четтетилди. Экинчиси кызмат ордунда иштеп жатат. Тергөө өз ишин жүргүзүүдө. Ким жеңип чыгат, ким женилет? Маарага али эрте.

Биз эки генералдын «таймашы» боюнча азыноолак болсо да салыштыруу жүргүзүп көрүүнү туура таптык. Эки генералдын «салмагын» шарттуу белгилер боюнча белгилеп, салыштырып көрөлү.

Кашкар Жунушалиев:

1) Кой-Таштагы операция учурунда Курсан Асанов биринчи жолу Атамбаев менен сүйлөшүүгө баргандыгы тууралуу ачык маалымат бере элек. Асановго сүйлөшүүлөр боюнча ИИМ тарабынан кандай тапшырмалар берилгендигин белгисиз. (-)

2) Курсан Асановго карата президент багынып бергенден кийин «Милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн» деп, Чолпон Жакупова айткандай жок берене боюнча айыптаган. (-), (?)

3) Асановду «Баштык» операциясына айыптаганы. (?), (-)

4) Асановдун жакточусу И. Айткуловдун «министр тергөө жүрүп жаткан учурда кызматынан убактылуу четтетилип турсун» деп айтканына маани бербегени. (-)

5) Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловду ИИМ аркылуу камакка алып, кийин үй камагына чыгарылгандыгы. (-), (Министрдин кызмат абалынан пайдалангандык).

6) Асановдун жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулун «Баштык» операциясына айыпталып кармалышы. (-)

7) Кашкар Жунушалиев генерал-майор катары буга чейин кайсыл жерде жана кайсыл окуяда өзүнүн өзгөчөлүгүн, мыктылыгын, эр жүрөктүгүн көрсөтө алган? (?), (?)

Курсан Асанов:

1) Өзүнө тапшырылган аймакты, кызматкерлерди кароосуз таштап кеткендиги. (Министрдин бул боюнча аскер прокуратурасына кылмыш ишин козготкондугу аша чапкандык. Маселе кызматтык жаза колдонуу чаралары аркылуу чектелсе болмок. Бул жерде эки генералдын келишпей калгандыгы ачык байкалат), (-)

2) Атамбаев менен сүйлөшүүгө баргандыгы. (+), (-), (?)

3) «Баштык» операциясына аралашканы. (-), (?)

4) Жакточусу И. Айткуловдун «министр тергөө жүрүп жаткан учурда кызматынан убактылуу четтетилип турсун» дегени. (+)

5) Атамбаевдин үйүндөгү куралдарды колу менен кармагандыгы. (Бул Асановдун кетирген катачылыгы) (-), (-), (?)

6) Мурдагы аялынын колдогон пикири. (+), (!)

7) Курсан Асанов генерал-майор катары буга чейин кайсыл жерде жана кайсыл окуяда өзүнүн өзгөчөлүгүн, мыктылыгын көрсөтө алган? (Ош окуясы, Кой-Таш окуясы, (+), (!), (+), (!)

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *