Мезгил
“Гибриддик почта” долбоору убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызпочтасы” ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, долбоор сыноо иретинде былтыр декабрда №3, 4, 5 жана 7-кичи райондордо башталган.
Бул аймактын керектөөчүлөрү электр жарыгы, суу жана башка коммуналдык кызматтар үчүн эсептерди бир квитанция менен алышчу.
Бирок быйыл 1-августта эсептер кайра өзүнчө келе баштады.
Анын себеби, өкмөт долбоорду улантуу боюнча тиешелүү чечимди кабыл ала элек, дешти ишканадан.
Мындай ыңгайлуу эсептер жыл аягына чейин Бишкек боюнча жайылтылмак.
Булак:Мезгил Ньюс