Гимн менен таанымал болгон депутат жарандарды Чыңгыз Айтматов жөнүндө билүүгө чакырды

Мезгил

Бүгүн,  Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Пархат Тулендыбаев жарандарга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнундө билүугө чакырды.  

“Быйылкы 2018-жыл президентибиздин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүү жана Айтматовдун 90 жылдыгы деп белгиленди. Ушул залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов аркылуу бизди дүйнө жүзү таанып отурат. Адамзаттын асылы адабияттын алпы өзүнүн өзгөчө стили менен чыгармаларын жаратып келген. Дүйнөлүк масштабдагы экология, наркомания маңкуртизм көйгөйүн козгогон. Ар бир инсан Айтовду билүүгө тийиш. Бала бакча мектеп жогорку окуу жайлары Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүп залкар жазуучубуз жөнүндө маалыматтарды окутуп, үйрөтүшүбүз керек” деди.

Мунун менен катар эле учурда депутат кыргыз тилин үйрөнүп жатканын айтып, жарандарды кыргыз тилин үйрөнүүгө да чакырды.

  “Жакында кыргыз тили майрамы болот 1989-жылы 23-сентябрда  Айтматов тил адамдын автопортирети деп айткан кеби бар.  Мен дагы учурда кыргыз тилин катуу басым жазап үйрөнүп келем, кыргызда мындай сөз бар” Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят”  кыргыз тилин окуйлу үйрөнөлү. Сөзүмдүн аягында Айтматовдун адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу деген сөзү менен жыйынтыктагым келет деди депутат. Ал эми депутаттын бул сөзүн депутаттар колдоого алышып кол чабышты.

Эске салсак, депутат Пархат Тулендыбаев буга чейин мамлекеттик гимнди билбей коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *