Гимнди ырдайм деп уят болгон депутатты депутат кесиптеши колдоп чыкты

Мезгил. 

Парламент кызыктарга бай. Бир депутат мамлекеттик гимнди ырдайм деп, сөздөрүн одоно бузуп, обонун күңгүрөмүш этип коомчулуктун алдында уят болду эле. Эми экинчи депутат гимнди жакшы жаттай албаган депутатты элден кечирим сураганын “ар бир эле адамдын колунан келе берчү иш эмес” деп баалады.

Депутат Элвира Суравалдиева соцтармактагы баракчасына мындай пикир калтырды:

“Пархат Тулендыбаев абдан жакшы адам, мыкты меценат. Баарыбыздын эле эл алдында кечирим сурап, гимнди кайра ырдап берүү колубуздан келе бербейт. Бардык эле “патриоттор” реалдуу жашоодо патриот боло бербешине күн сайын ишенем”. 

Пархат Тулендыбаев аттуу парламентте эл өкүлү бар экени жакында гана коомчулукка маалым болду. Буга дейре, орчундуу маселелер талкууланып жатканда үн кошо бербегенинен “балык” депутаттардын катарын толуктаганданбы, анын ысымы дайын эмес эле. 120 депутаттын катарында отурган бир депутат гимнди ырдай коем деп заматта “атактуулукка” жетишти.

Маалымат каражаттарынын бири депутатка “Кыргызстандын гимнин билесизби?” – деген суроо менен кайрылбаган Тулендыбаев ушул бойдон депутаттык ишмердүүлүгүн тынч өтөп, тынч аяктап кете берет беле. Журналисттин “ырдап бериңиз” деген суранычына баш тартпастан бир куплетти кайырмасы менен аткарган. Обонун окшоштурганы менен сөзүн олуп-чолуп, жаңы тили чыккан наристедей түшүнүксүз сөздөрдү кошкону менен коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. “Кара пиар дагы пиар” демекчи, ушунусу менен коомчулуктун көзүнө илинди.

Депутат коомчулуктун кыжырын козгоп алганын билип, элден кечирим сурады. Ал турмак гимнди жакшылап жаттаганын далилдегиси келип, кайра ырдаган. Ошону менен “гимн талкуусу” жабылды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *