“Грек-рим” согушунан жаралган атактуу күрөш

Мезгил

Адам баласы жаралгандан тарта өз жерин, нанын, табылгасын коргоого муктаж болгон. Дал өз кызыкчылыгын коргоо маалда адамга күч колдонуп, коргонууга туура келген. Коргонуунун бир жолу – мыкты мушташып, күрөш ыкмаларын пайдалана билүүнү талап кылган. Бүгүнкү кепте мушташ эмес, анын курамын толуктап, мушташка көрк берген күрөш болмокчу. Анда грек-рим күрөшүнүн пайда болуу тарыхына токтоло кетсек. 

Күчтү, эрдикти, чыдамкайлыкты, ийкемдүүлүктү талап кылган күрөш алгач байыркы Грецияда пайда болгон. Адамдын өзүн коргоодо жакшы жыйынтык берген спорттун бул түрү гректерде коргонуунун бир жолу болуп саналган. Олимпиада оюндары башталгандан тарта анын программасына киргизилип, абройлуу оюндардын бири болуп чыга келген. Олимпиада оюндарынын популярдуу жана кызыктуу спорту менен машыккысы келген адамдардын саны күн санап өсүп, атайын мектептерде күрөштү мыкты билген машыктыруучулардын колунда тарбия алышкан. 

Ал эми грек-рим күрөшү болсо римдиктер менен гректердин ортосунда болгон согуштан соң жаралган. Жергиликтүү элдин маданияты менен таанышкан римдиктер, алардан бул өнөрдү үйрөнүүнү туура көрүшкөн. Күрөш менен эле эмес панкратион, гладиаторлордун мушташтары менен алектенген гректерде күрөш өз ордун таап, ага өзгөчө көңүл бурулган.

Алардын мындай өнөрлөрүн өздөштүргүсү келген римдиктер гректер менен биргеликте машыгып жүрүп грек-рим күрөшү пайда болгон. Христиан дининин пайда болушу менен гладиаторлор мушташы, олимпиадалык оюндар токтотулуп, күрөш менен алектенген адамдардын саны да абдан төмөндөп кеткен. Бул учурда француздардын колуна өткөн грек-рим күрөшү жаңылануу жолуна өткөн. 

 

XIX кылымда Европада грек-рим күрөшү жандана баштайт. Анын түптөлүп чыгышына франциялык балбандар чоң салымын кошкон. Алгач цирк ареналарында, той-аштарда оюн-зоок катары элге көрсөтүлүп жүргөн күрөштүн аброю өсүп, шаар биринчилиги, андан соң өлкө биринчилиги, ошентип отуруп дүйнө чемпионаттары уюштурулган.

1848-жылы алгачкы ирет Францияда күрөш аренасы ачылып “француз күрөшү” деген аталышта мелдештер өткөрүлүп, ар кайсы өлкөлөрдөн профессионал балбандар катышкан. “Француз күрөшү” деген аталышка ээ болгон спорттун түрү Европага кеңири тараган. 1896-жылы Эл аралык олимпиада комитети тарабынан “грек-рим” күрөшү деген ысым ыйгарылып, олимпиада оюндарынын катарына киргизилген. Ошондон тарта грек-рим күрөшү олимпиада оюндарынын программасындагы спорттун популярдуу түрү болуп келүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *