Грузия 1-июлдан тартып туристтерди кабыл алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария билдирди.
Анын айтымында мамлекет коронавируска байланыштуу токтоп калган аба каттамдарды жандантат.
Бул үчүн коңшу өлкөлөр менен коопсуз коридор түзүлөт. Ал эми жергиликтүү туризм
15-июлдан баштап ишке кирет. Пандемияга байланыштуу Грузия чет элдиктер үчүн чек арасын жаап, аба каттамдарды токтоткон. 21-марттан тарта өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган.
Белгилей кетсек, Грузияда 615 адамдан коронаврус аныкталып, 9у каза тапты.