Гүлнур Сатылганова өзбекстандык ырчы Ситора менен “Чыпалак баатырдын” айынан уруша кетти (видео)

    Мезгил

КРнын  Эл артисти Гүлнур Сатылганова “Чыпалак баатыр” каймана аты менен таанымал Зарылбек Аликеновдун таламын талашып өзбекстандык ырчы Ситора менен урушуп кетти.   Чыпалак баатыр “Central Asia Got Talent” сынагында өнөрүн көрсөтүп жаткан. Ал эми калыстар тобунун курамында    Гүлнур Сатылганова, өзбекстандык актриса, ырчы Ситора Фармонова, жана башкалар болуп төртөө отурушкан.  Калыстар тобунун үчөөсү  Чыпалак баатыр өнөрүн көрсөтүп жатканда аны токтотууну талап кылып  кызыл баскычты басышкан.

Ал эми Гүлнур Сатылганованын атынан Ситора кызыл баскычты басып салган. Буга нааразы болгон Гүлнур айым, Чыпалак баатырдын талантын баалап, эмнеге анын атынан кызыл баскычты басып салганын айтып экөө кайым айтыша кетишти. Муну интернет колдонуучулар кыргыздын намысына күйгөн  ырчы Гүлнур Сатылганованы колдошуп алкоо сөздөрүн айтышууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *