Гуля Алманбетова: Айрымдар эски таарынычынан улам эле ушундай кадамдарга барып жатышат

Мезгил

«Кырк чоро» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын башчысы  Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылып 13-мартта Бишкекте митинг жана жөө жүрүш өткөрүшөт.  Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев баштаган топ шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп, талаптары жазылган катты мэрияга тапшырышты.

“Кырк чоро” «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп шаар башчылыгын күнөөлөшсө, мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын айтат.

Азиз Суракматовдун кеӊешчиси Гуля Алманбетова өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, мэрия тынч жүрүштөрдү өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албасын, алар Баш мыйзамдын 16-34-беренелерин сактагандыгын айтат. Ал жарандын динине, улутуна, жынысына, тилине, саясий көз карашына карабай тынч жүрүш жасоого жергиликтүү бийликтер жана шаар бийлиги тыюу сала албасын билдирет.

Ал эми мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаар башчысынын кызматтан кетишин талап кылган  активисттер менен жолугушту. Ал Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун  митинг өткөрүүгө уруксат бергени мыйзамга каршы келсе анда, шаар башчысы кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

-Эгер укук коргоо органдары 8-марттагы жүрүшкө уруксат берүү мыйзамсыз деп тапса, шаар башчысы кызматтан кетүүгө даяр –деди Түлөбаев.

 “Кырк чоро” ошондой эле 13-мартта Бишкекте митинг өткөрүүнү пландап жатат. Алар ошондой эле феминсттер тобунун жүрүшүн уюштуруучуларынын мыйзамсыздык иштери боюнча Биринчи май райондук сотуна даттануу арызын беришерин билдиришет. Ал эми шаар башчысынын кеӊешчиси Гуля Алманбетова бул акциялардын артында эски таарынычтары бар адамдар да бар экенин билдирет.

– Аларга да каршылык жок. Чыгышсын. Дагы бир “Кырк кыз” деген демилгени көтөрүп алып, жүрүшкө чыгабыз деген топ бар экен. Алар да чыксын. Айрымдар  эски таарынычынан улам эле ушундай кадамдарга барып жатышат-деди Алманбетова

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *